20:39
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Пайдалуу кеңеш: Орозо үчүн жагымсыз кылуучу нерселер кайсылар?

— Бир нерсени даамдап түкүрүп салса орозо бузулбайт, бирок муктаждыгы жок эле бир нерсени даамдап көрүү макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) болот.

— Баланын оозуна бир нерсени чайнап салуу орозону макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) кылат. Зарылчылык жана муктаждык болсо, анда макрух эмес.

— Мисвак колдонсо орозо бузулбайт, тиш пастасын колдонууга болбойт. Пайдаланса макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) .

— Рамазан айында бирөөнүн орозосу бузулуп калса да күн батканга чейин жеп-ичүү жакшы эмес.

— Орозону кечиктирбей ачуу керек, кечиктирүү макрух.

Муфтият сайтынан алынды

Эң көп окулган жаңылыктар