Бишкектин жанындагы «Теплые Ключи» эс алуу аймагынын жанында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталда. «Хюндай Соната» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай,унаа жолдон чыгып, Аламүдүн дарыясына кулап кеткен. Натыйжада үч адам каза болгону айтылды.
Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу жолдун тик бөлүгүндө башкарууну жоготуп, унаа аскадан кулап түшкөн. Окуя болгон жерде куткаруучулар жана медициналык кызматкерлер барып, унаадан эки жаракат алган адамды эвакуациялашты.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык тууралуу маалымат 15-февралда саат 15:30 чамасында түшүп, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
Ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Бишкек — «Тёплые Ключи» унаа жолунун 15-чакырымында «Хюндай Соната» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, жардан Аламүдүн дарыясына түшүп кеткени аныкталган.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана анын жүргүнчүлөрү — болжолу 20-25 жаштагы азия түспөлүндөгү эки кыз алган жаракаттынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Мындан тышкары, 2000-жылы туулган жүргүнчү Ж.А. ар кандай жаракаттары менен Чүй облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Учурда каза болгон эки кыздын өздүгү такталууда.
Бул факты боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.

