00:08
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстандык хоккейчилер дүйнө чемпиондугун жеңип, экинчи дивизионго өтүштү

Кыргызстандын курама командасы 3-дивизиондун (А тайпасы) командаларынын арасында өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта өз оюнун жыйынтыктады. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.

Маалыматка ылайык, түрк командасы менен болгон оюн 3:1 эсеби менен аяктады.

Голдорду Султан Исманов, Михаил Чувалов жана Мамед Сейфулов киргизишти.

Кыргызстандын командасы 15 упай менен турнирдик таблицада биринчи орунду ээледи.

Алар Люксембургду (6:0), Түштүк Африканы (5:2), Босния жана Герцеговинаны (5:1) жана Түркмөнстанды (8:1) утуп алды.

2026-жылы КР командасы экинчи дивизиондо (В тайпасы) ойнойт.

Эске салсак, турнир 21-27-апрель күндөрү Стамбул шаарында өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар