09:54
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

«Учкун» ААКга жаңы директорлор кеңешинин курамы шайланды

«Учкун» ААКда директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны жана акционерлердин жылдык чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу акционердик коом билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында 15 маселе каралды. «Учкун» ААКтын өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү, алдыдагы иш планы туурасында кызуу талкуу жүрүп, бир катар сунуш-пикирлер айтылып, ишкананын ишмердүүлүгүнө баа берилди.

Жыйынтыгында директорлор кеңешинин жаңы курамы бекитилип, Таалайбек Шаршеев төрагалыгына, ал эми Абдыкадыр Султанбаев жана Адилет Орозматов мүчөлүгүнө шайланышты.

Эң көп окулган жаңылыктар