20:03
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Ошто синтетикалык баңги зат саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош облусунда синтетикалык баңги затын облус боюнча сатууга шектелген 37 жаштагы Д.А.Р кармалды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына ИИМдин Баңгизат менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Оперативдүү кызматкерлерлерине А.аттуу адам «Альфа-ПВП» синтетикалык баңги затын Ош облусунун аймагында сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. 15-январда укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган 37 жаштагы Д.А.Р болгон. Аны кармоо учурунда андан бир мүшөк баңги заты алынган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголду. А. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар