08:24
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет. Ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусун кабыл алды.

ТАСС агенттиги белгилегендей, Сергей Лавров Жээнбек Кулубаевге биргелешкен жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкекке же «Кыргызстандын түркүн түстүү жаратылышынын башка жерлерине» баруу чакырыгын «ырахат менен» кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 2027-жылга чейин кызматташуу программасына кол коюшту

22-январда Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2027-жылга чейин кызматташуу программасына кол коюшту.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктары белгиленип, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, атап айтканда, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУнун алкагында кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды.

Эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле үстүбүздөгү жылга жогорку жана жогорку деңгээлде иш сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу пландарына көңүл бурулду.

Жээнбек Кулубаев миграция маселесине да токтолду.

Эң көп окулган жаңылыктар