09:58
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Кыргызстанга расмий сапар менен Сейшел Аралдарынын ТИМ башчысы келет

Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор 3-6-май күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келе тургандыгын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Кыргызстанга расмий сапар менен Сейшел Аралдарынын ТИМ башчысы келет

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сейшел Аралдары Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Эң көп окулган жаңылыктар