03:22
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

«Кыргызалтын» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын жаңы орун басары болуп Нурлан Исаков дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Ведомстводон билдиришкендей, Нурлан Исаков «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен дайындалып, эмгек жааматка тааныштырылды.

Ал 1994-жылы Кыргыз тоо-металлургиялык институтун тоо-кен инженери адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун «Макмалалтын» комбинатында айдоочунун жардамчысы болуп баштаган.

Көп жылдар бою «Макмалалтын» комбинатында ар кандай өндүрүштүк кызматтарда иштеген. Кийин «Макмалалтын» заводунун директору болуп дайындалган.

Мындан тышкары «Кыргызалтын» ААКнын Солтон-Сары кенинин башкы инженери да болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар