Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-январдагы жалпы жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев Лейлек районундагы үйлөрдүн бириндеги жардырууну иликтөө талабын койду.
Анын айтымында, 2022-жылдагы окуядан кийин бул үйгө министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров келген.
«Саперлор каякты карап жатышты? Же, балким, ал жерге снарядды алар коюшкан? Көп суроолор бар. «Ведомстволор аралык тергөө тобун түзүшүбүз керек», — дейт Чыңгыз Ажыбаев.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 5-январында УКМКнын басма сөз кызматы Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде снаряд жарылганын билдирген. Үйдүн ээси жана анын 12 жаштагы кызы сыныктардан жараат алышкан. Жабыркагандар Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилип, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кийин Ошко жеткирилери маалымдалган.