Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарында кадрдык алмашуулар орун алды. Кечээ, парламенттин жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигине 82 эл өкүлү макул, бирөө каршы добуш берди.
Төмөнкү депутаттар жаңы комитеттердин курамына киришти:
- Айбек Алтынбеков («Ынтымак-Мекенчил» тобу) — Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине;
- Улан Сариев — Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине;
- Талант Мамытов — Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине;
- Бактыбек Чойбеков («Ишеним» фракциясы) — Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине.
Ошондой эле депутат Азамат Исираилов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Аны 83 кесиптеши колдоп добуш берди.

