Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында жаңы депутат Мирлан Жээнчороев «Ала-Тоо» депутаттык тобуна киргенин билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңеште ант берди. Ал өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин мандаттан баш тарткан Чыңгыз Айдарбековдун ордуна келди.
Эске салсак, учурда парламентте беш депутаттык топ түзүлгөн. «Ала-Тоо» тобун депутат Таалайбек Масабиров жетектейт.

