Жогорку Кеңеш Улан Маматкановдун талапкерлигин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына жактырды. Мындай чечим бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.
Депутаттар Маматкановго суроо беришкен жок, анын талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу жаңы жетекчи социалдык блокту тейлейт.
Улан Маматканов 44 жашта. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Президентке караштуу Башкаруу академиясында билим алган.
Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде баштаган. Вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген, Эмгек министрлигинде жана Өкмөт аппаратында ар кандай кызматтарды аркалаган. Ар кайсы жылдары Президенттин аппаратынын эксперти жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болгон.
2021-жылдан бери Социалдык фонддун төрагасынын орун басары кызматын ээлеп келген.

