Белгилүү кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күйөөсүнүн туугандарына чай берип жаткан видеосу интернетте пайда болду. Анда Айсулуу жоолук салынып, келиндик кызматтарын жасап жатат.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын айтымында, видео «отко киргизүү» (жаңы үйлөнгөндөрдү күйөөсүнүн туугандарынын үйүнө биринчи жолу конок катары чакыруу ырымы) учурунда тартылган.
Комментарийлерде Айсулу Тыныбекованын жолдошу Талас районунун Кызыл Октябрь айылынан экени айтылат. Ал 24 жашта, ошондой эле күрөш менен алектенет.
Социалдык тармактардагы баракчасында спортчу үйлөнүү тоюна даярдыгын активдүү көрсөтүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда үйлөнүү үлпөтү январь айына белгиленген.
Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы эң титулдуу спортчулардын бири, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, Париж, Токио Олимпиадаларынын байге ээси, өлкөнүн сыймыгы.
Айсулу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиадага катышууну пландап жатканын билдирди.