Кыргызстанда 2 миңден ашык клиника лицензиясы жана адистери жок иштейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ар кандай профилдеги 2 миң 80ге жакын медициналык клиникалар лицензиясы жана адистери жок иштеп жатышат.
Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай «ооруканаларга» административдик чара көрүүгө укуктуу. Ал 100 миң сомдон 1 миллион сомго чейин айып пул салынарын баса белгиледи.
Чиновник кошумчалагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай мекемелерди текшерүү тартибин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелемекчи.
«Көбүнчө бул клиникалар ВИЧ жана гепатит сыяктуу коркунучтуу оорулардын инфекциясынын булагы болуп калат», — деди ал.