15:21
USD 87.45
EUR 90.64
RUB 0.90

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Маалыматты 24.kg басылмасына министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Себеби азырынча айтыла элек.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышып, депутаттар Улуттук онкология жана гематология борборундагы кырдаалды талкууламакчы болушкан. Чиновник жыйынга келген жок, эл өкүлдөрү анын келишин талап кылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар