Кыргызстанда аба-ырайы кайрадан сууктап, кар жаашы күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирген маалыматына ылайык, 15-17-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерге туман түшөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 19-24 метрге жетет.
16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн — 12... −17°, күндүзү — 4... — 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −11... −17°, күндүзү — 4... — 9°,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн — 11... −16°, күндүзү −3..., — 8°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −10.. −15°, күндүзү 0... −5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн — 11..., — 16°, күндүзү — 1... — 6°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −20... −25°, күндүзү −5... −10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн — 15... — 20°, күндүзү −5... −10°, тоолуу райондордо түнкүсүн −13... −18°, күндүзү −7... −12°,
Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн — 30.. −35°, күндүзү −13... −18° суукка чейин төмөндөйт.
ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатарын белгилейт.