04:41
USD 87.45
EUR 91.15
RUB 0.88

12-декабрга карата аба ырайы

12-декабрга караган түндө абанын табы өрөөндөрдө −10...-15°, тоолуу аймктарда −30...-35° градуска чейин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

12-декабрда күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкусүн −10...-15, күндүз 0...-5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −12...-17, күндүз −4...+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −9...-14, күндүз 0...5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн −18...-23, күндүз −2...-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −12...-14°, күндүз 0...-2° суук болот.

Эң көп окулган жаңылыктар