USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Улуттук банкы кезектеги интервенция жасап, 68,65 миллион доллар сатты

10:06, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы бир күн мурун, 14-ноябрда кезектеги интервенция жасап, 68 миллион 650 миң доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, анын ичинен 39,7 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 28,95 млн доллары бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүү менен сатылган.

Бул бир айдагы экинчи интервенция болду, буга чейин Улуттук банк 5-ноябрда валюта рыногуна 62,4 млн доллар саткан.

Жалпысынан быйыл Улуттук банк 22 жолу валюталык интервенция жүргүзгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18