19:10
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 12-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун 100 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оорукана шаардын аймагында шаардын жана Ысык-Көл облусунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кенештин депутаты Гулкан Молдобекова, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев жана Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлери катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден оолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.

«Чолпон-Ата шаары жыл сайын өнүгүп жатат. Быйыл 1 миллиондон ашык адам эс алды. Ооруканаларда керебеттер дайыма жетишсиз болуп келген, ошондуктан жаңы оорукананын курулушу абдан маанилүү. Имарат керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылат. Үстүбүздөгү жылдын май айында 350 орундуу оорукананын курулушу башталып, жакында Түп борбору пайдаланууга берилген. Бүтүн өлкө боюнча жакын арадагы жылдарда 20 жаңы оорукананы куруу пландаштырылган. Быйыл медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Кийинки жылдары дагы акырындык менен жогорулатуулар болот. Биз медицина кызматкерлерибизге жана калкыбызга бардык шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жалпы аянты 2 миң 958,88 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта тез жардам бөлүмү, төрөт жана гинекологиялык бөлүмдөр, хирургиялык бөлүм орун алат. Быйылкы жылы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына жаңы ооруканалардын курулушуна капсулалар салынганын белгилейбиз.

Эң көп окулган жаңылыктар