23:17
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров ТМУнун мүчөлөрүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбооруна катышууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мүчөлөрүн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна кошулууга чакырды. Бул тууралуу ал ТМУнун жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын дарыяларынын башатында жайгашканын белгиледи. Өлкө электр энергиясын кайра жаралуучу гидроресурстар жана ири ГЭСтер аркылуу өндүрөт.

«Биздин республиканын күн, шамал энергиясын жана жашыл суутекти өндүрүү боюнча да олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстан улуттук деңгээлде жана Борбордук Азия мамлекеттери менен биргеликте энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүп жатат. 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтерди куруу иштери жүрүп жатат. Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте эң ири «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча макулдашууларга жетишилди. Учурдан пайдаланып, сиздерди бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырам», — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган технология жана жашыл демилгелердин аймактык борборун түзүүнү карап чыгууну сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар