22:01
USD 86.80
EUR 91.40
RUB 0.83

Быйыл алдамчылыктан жарандарга 903 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

2024-жылы шылуундар тарабынан жарандарга келтирилген зыян 903 миллион 826 миң 493 сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, жарандарга 447 миллион 396 миң 155 сом кайтарылган.

Нурбек Абдиев 2024-жылы жалпысынан 7713 кылмыш иши козголгонун билдирди. Алардын 36 пайызы «Алдамчылык» беренеси боюнча. Бул кылмыштардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болот.

Эң көп окулган жаңылыктар