Ош шаарында эртең, 27-августтан тарта 49-муниципалдык линиянын автобустары каттайт. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустар № 149 маршруттук кичи автобустарды алмаштырат, бирок кыймыл багыттынын тартиби өзгөрбөйт.
Маршрут Мада айыл аймагынан Ош шаарынын «Түштүк-Чыгыш» кичи районуна чейин барат.
Линияда 19 аялдама бар.
Буга чейин Ош шаарында өзбек-кыргыз фондунун колдоосу менен сатылып алынган 25 автобус каттамга чыккан.