15:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте паралимпиадачыларды Парижге узатуу аземи өттү

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Мамлекеттик туу курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырылды

Бүгүн, 21-августта Париж шаарында 28-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган XVII жайкы Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын узатуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

Узатуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.

«Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт — баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп жатат. Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жолуңуздарда ар дайым жаңы жетишкендиктерге орун болуп, күн сайын кыялдарыңыздарга жакындата берсин», — деди ал.

Минкаб төрагасынын орун басары Мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Эң көп окулган жаңылыктар