Өзбекстандын Хорезм облусунун Хива шаарында 22-29-июнь аралыгында Евразия чыгармачылык жумалыгы (XIII ECW) фестивалы өтүп, анда кыргыз жазуучулары Бүбүйра Бектенова менен Наргиса Карасартова «Манас» эпосун тартуулашты. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
«Манас» эпосу Кыргызстандын маданиятынын эң көрүнүктүү үлгүсү, балким, дүйнөдөгү эң узун эпикалык поэма. «Манас» Хорезм аймагында көрсөтүлүп, маданий алмашууга өзүнүн кайталангыс энергиясын алып келет. Эпос Кыргызстандын маданий мурасынын эң сонун үлгүсү жана биз Евразиялык чыгармачылык жумалыгынын алкагында бул тарыхый жана адабий шедеврди эл аралык аренада көрсөтө алдык деп сыймыктанабыз", — дейт фестивалдын уюштуруучусу Марат Ахмеджанов.
Eurasian Creative Week фестивалына буга чейин Өзбекстан, Казакстан, Орусия, АКШ, Улуу Британия, Индия, Беларусь, Финляндия, Германия, Кыргызстан, Тажикстан жана Израилден келген бизнес жана маданий чөйрөнүн 100дөн ашык өкүлдөрү келишкен.