02:45
USD 87.45
EUR 101.80
RUB 1.14

Жалал-Абадда медресенин окуучулары мектепке барган эмес

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Тотуя айылында мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресе жабылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, медреседе18 жашка чейинки улан-кыздар эртеден кечке окушкан. Алар мектепке барышкан эмес. Сабактарды диний билими жок мугалимдер өткөн.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн.

Медресеге 5 миң 500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар