16:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Apple компаниясы башка булактардан тиркемелерди көчүрүүгө уруксат берет

Apple компаниясы башка булактардан тиркемелерди көчүрүүгө уруксат берет. Бул өзгөрүү iOS системасынын кийинки чыгарыла турган муундарында болот. Bloomberg басылмасы корпорация олуттуу өзгөрүүлөрдү жасоого бел байлаганын маалымдады.

Басылманын маалыматы боюнча, чыгарууга даярдалып жаткан iOS 17 операциялык системасында мурункудай App Store онлайн дүкөнүнөн гана эмес, башка онлайн дүкөндөрдөн дагы тиркемелерди көчүрүү мүмкүнчүлүгү болот.

Булактардын берген маалыматына караганда, компания Европа Биримдигинин санариптик рыноктор жөнүндө жаңы мыйзамынан улам мындай кадамдарга барып жатат. Өзгөртүүлөргө ылайык, Apple жана Google колдонуучуларына өзүнүн расмий дүкөндөрүнөн гана эмес, башка булактардан да тиркемелерди орнотууга уруксат бериши керек.

Apple 2024-жылдын июнь айында iOS 17 системасын Иштеп чыгуучулардын дүйнөлүк конференциясында (WWDC 23) расмий түрдө жарыялайт. Жаңыланган операциялык тутум менен бирге iPhone 15 модели дагы көрсөтүлөт деп болжолдонууда.

Эске салсак, Европа мыйзамдары Apple компаниясынан iOS системасынын колдонуучуларына башка булактардан тиркеме орнотууга уруксат берүүнү талап кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар