14:33
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Жабык Түштүк-Батыш көрүстөнүндө 10 миңден ашуун орун бар

Жабык Түштүк-Батыш көрүстөнүндө 10 миңден ашуун орун бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын отурумунда «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин» директору Төрөхан Жунусбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 5 миң орун брондолгон.

Төрөхан Жунусбеков көрүстөндүн аймагы 15 жылга жетерин, бирок ал 2021-жылы жабылганын кошумчалады.

Жалпысынан, анын айтымында, Түштүк-Батыш көрүстөнүнө 1,7 миллиондон ашык адам коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар