USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Ананьеводогу көрүстөндөгү вандализм боюнча милициянын бир канча версиясы бар

10:05, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализм боюнча  милициянын бир канча версиясы айтылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл районунун акими Дамир Иманалиев билдирди.

«Милиция иштеп жатат, окуянын бир канча версиясы айтылууда. Бирок, тергөөнүн алкагында алар айтылбайт. Атайын цехтер бар, жаңы кресттерге муктаж болгондорго алар беришет. Баардыгы болуп 35 крест талкаланган, кээ бир эстеликтер кулап калган», -деди аким.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтерди талкалагандарды эртерээк таап, жазалоону ишемби күнү жергиликтүү бийликке тапшырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика