00:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдө көрүстөндөгү вандализм иликтенүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тергөө тобун түзүп, иликтөө иштерин баштады.

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы 11-январда белгилүү болгон.

Алгачкы болжолдуу маалыматтарга караганда, Ананьево айылына караштуу көрүстөндө токсонго жакын эстелик талкаланып, кресттер сындырылган.

Бул көрүнүш маркум жакындары жаткан жергиликтүү тургундарды айрыкча дендароо кылды. Алардын бири Александр мындай жорукту ашынган бейбаштар жасады деп шектенип турат. «Бул кадимки эле вандализм, муну кылган адамдар акылынан айныган. Себеби акыл-эстүү адам мындайга барбайт болчу. Бул иште эч кандай улут аралык кастык жок», — деди ал.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча тергөө тобу түзүлүп, иштеп жатат. Бирок шектүүлөр табыла элек. Мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул кылмыш боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

«Бул факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыр бул факты боюнча бардыгы катталып, тийиштүү кызматтарга муну кылган адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча тергөө тапшырылган», -деди ал.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, райондук милициянын жетекчиси Нургазы Увалиев 12-январь күнү Ананьево айылынын тургундары менен жолугушту. Райондун акими күнөөлүүлөрдү табууга колдон келишинче аракет көрүлөрүнө убада берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтерди талкалагандарды эртерээк таап, жазалоону ишемби күнү жергиликтүү бийликке тапшырды.

Ананьево — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы көп улуттуу ири айыл өкмөттөрүнүн бири. 14 миңден ашык калкы бар. Алардын 2500дөн ашыгы славян улутундагылар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума