Аламүдүн районунда тарыхый-мемориалдык көрүстөн ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин токтомунда айтылат.
Бишкек мэриясы Аламүдүн району менен жер алмашууну пландоодо.
Маалыматта Ала-Арча тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө 47 бош орун калганы кабарланат. Анын 40 алдын-ала ээлеп коюшкан.
Мэрия Аламүдүн районунан 22 ректар жер алып, көрүстөн уюштурмакчы.
Белгилей кетсек, Ала-Арча көрүстөнүнө мамлекеттик ишмерлер, белгилүү инсандардын сөөгү коюлат.