23:34
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мар Байжиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевдин сөөгү 31-октябрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында өттү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган чиновниктер, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү жана башка ондогон жарандар катышты.

II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси Мар Байжиев 29-октябрда 86 жаш курагында көз жумду.

Президенттин сайтына жарыяланган көңүл айтуу текстинде Байжиевдин дүйнөдөн кайтышы менен кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди.

Анын классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлган. Сценарийлери боюнча бир катар фильмдер тартылган. Чыгармалары орус жана кыргыз тилдеринде жаралып, мурдагы совет адабиятындагы саналуу кош тилдүү калемгерлердин бири болгон. Эмгектери чет тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. 2019-жылы ага КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик жылдызы» сыйлыгы берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар