08:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент пенсияны көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелеринин негизинде, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүниндексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленди.

«Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайыз, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Ага 3,9 миллиард сом каралды. Пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1 мин 692 сомго көп», — деп айтылат маалыматта.

Жогорулатуунун так суммасы ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.

Эгерде пенсияны жогорулатууга социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 миллиард сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 миллиард сомду түзөт. Ошону менен бирге, пенсия социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралууда, ошол себептен кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар