07:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош облусунун тургуну эки килограмм баңгизат менен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаран эки килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-августта Ош шаарынын 44 жаштагы тургунунун «Mersedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунаасынан салмагы 1 килограм 936,7 граммды түзгөн гашиш табылган.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар