19:59
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Президент жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын финалына конок катары барды

Садыр Жапаров башка өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Будапешт шаарындагы жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына конок катары катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Венгриянын баш калаасына делегация башчыларынын катарында Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедов, Түркиянын Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын Шавкат Мирзиеев, Сербиянын Александр Вучич, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана башкалар келди.

Бул дүйнө чемпионаты Олимпиадалык оюндардан кийин спорттук рейтингде алдыңкы орунду ээлейт. Мелдеш эки жылда бир өткөрүлөт. Программага жеңил атлетиканын 44төн ашык түрү киргизилген. 200дөн ашуун чет өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары катышып, дүйнөдөгү күчтүү жеңил атлетчилер жарышат.

Эң көп окулган жаңылыктар