23:22
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Россияга 1 миллион кыргызтандык жаран жумуш издеп барган

2022-жылы ЕАЭБдин аймагынан Россияга барган мигранттардын саны 1,7 миллион адамды түздү. 2021-жылдагы көрсөткүч дал ушундай эле болгон. Алардын 1 миллиону кыргызстандыктар экени аныкталды. Мындай маалыматтар РФнын Экономика министрлиги, өкмөткө караштуу аналитикалык борбор жана Бүткүл россиялык тышкы соода академиясы даярдаган «Евразия экономикалык интеграциясы» маалыматтык докладында камтылган.

Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү эмгек рыногу 2014-2015-жылдары союз түзүлгөн учурдан тартып акырындык менен калыптана баштаганы белгиленет. Биринчилерден болуп ЕАЭБдин жарандарына патент жана иштөөгө уруксат кагазы жок жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн берген ченемдер кабыл алынган. Бирок алар Эмгек министрлиги чет өлкөлүк жарандар үчүн бөлгөн квотанын негизинде экономика тармактарында иштей алышпайт. 2019-жылы мигранттардын пенсия, медициналык жана социалдык камсыздандыруу маселелери жөнгө салынган.

Докладда Орусияга барган жарандардын көпчүлүгү курулуш жана соода тармагында иштешери айтылат. Алар мекенине жөнөткөн акча которуулар өлкөнүн ИДПсынын төрттөн бир бөлүгүн түзүшү мүмкүн. Мисалы, 2022-жылы Кыргызстандын ИДПсынын 23,8 пайызын түзгөн.

Укранинадагы согуштук аракеттердин башталуусуна жана мобилизацияга байланыштуу орусиялыктардын өлкөдөн массалык чыгып кетүүлөрү ЕАЭБге болгон миграциянын агымын өзгөрттү.

Мисалы, Арменияга өткөн жылы 100 миң Орусиянын жараны көчүп барса, ал эми Армениядан Россияга 300 миң мигрант барган.

Азырынча кеткендердин канча бөлүгү иш жүзүндө РФнын эмгек рыногунун мүчөсү катары аралыктан россиялык компанияларга иштеп жаткандыгын баалоо мүмкүн эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар