15:47
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Бишкектин айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Себеби — оңдоо иштери

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 28-апрелден 29-апрелге чейин Бишкек шаарынын Айни — Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Гагарин, Манас, Курчатов, Ахунбаев.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар