08:42
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Элдик курултайда элчиге болгон нааразычылык айтылды

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат эли менен эмес.  Бул тууралуу Москва шаарында мигранттардын ичинен шайланып келген делегат Толкунбай Акматов бүгүн элдик курултайда билдирди.

Ал Россияда кыргызстандыктар тушугуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп, миңге жакын мекендешибиз баңги заты менен кармалып абакта отурганын айтты. Бул жаатта эмгек мигранттары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды.

Ошондой эле, Толкунбай Акматов элчини катуу сындады.

“Биздин элчи эжебиз бар. Элчи эл менен эмес. Өткөндө Жогорку Кеңеште Гульнара-Клара Саматтын маселеси каралмак, Баткенде көйгөй чыгып каралбай калды. Чет мамлекеттин коопсуздук кызматкерлерине өзүнүн элин берип жаткан кишинин элчи болуп иштегенге укугу жок. Ага бир-эки маселе боюнча кирсек,  кайра бизге каршы арызданып 3-4 адамды тигил жакта чакыртышты” – дейт Москва шаарынан келген делегат Толкунбай Акматов.

 Белгилей кетсек, Гульнара-Клара Самат 2021-жылдын февраль айында Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган.

Буга чейин дагы социалдык тармактар аркылуу ага ар кандай нааразычылыктар айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар