2022-жылдын 5-ноябрында өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт. Бул тууралуу чечим мамлекеттик катчы — Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн биринчи уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынды.
Маалым болгондой, биринчи Элдик курултайды өткөрүү 2 этапта ишке ашырылат. Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен Элдик курултайдын өтүүсү камсыздалат.
Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.
Жергиликтүү кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды чакырат.
Жергиликтүү курултайга айылдын, шаардын жашоочуларынын санына жараша делегаттар шайланат.
Эске салсак, «Элдик курултай чакыруу жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтөрү белгиленген.

