12:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Маданият министри Чокоев менен Примбердиевдин катышуусундагы долбоорду сындады

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин катышуусундагы долбоорду сынга алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Аткаминердин айтымында, эки жигиттин маегинин айрым үзүндүлөрүн аргасыз көрдү. «Айткан кептерин айла жоктон уктум. Көзүм жана кулагым үчүн Жараткандан, «маданият кызматкери» деген атты жамынып, адамга жарашпас жорук-жосун көрсөткөн ырчы мырзалар үчүн элимден кечирим сурайм. Бул экөө неге мынчалыкка барганына такыр түшүнө албай турам? «Атың чыкпаса жер өрттө» дейин десем, экөө тең мыкты өнөрү менен канчалаган адамдардын сый-урматын таап, узун элдин учуна таанылып калышкан», — деп жазат министр.

Айтымында, эгерде булар бизге караштуу мекемелерде, айталык, филармонияда, театрларда же окуу жайларда иштегенде заматта коштошмокпуз.

«Сөзүбүз кыска, чарабыз катаал болмок. Бирок, өз алдынча ырдап жүргөн эркин ырчыларга тикелей чара көрүү рычагы, тилекке каршы, мыйзамдарда жок экен. Деген менен, андайларды адепке чакыруунун жолун, аргасын, буюрса, табабыз», — деп, кыскасы мындай бүтүмгө келет:

Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Мекемеге карабаган коомдук жана эркин маалымат каражаттарына да ушундай сунуш, багыттама жиберилет.

Театралдык-оюн зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат.

Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ. мамлекет башчысына мындай жогорку даражадан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да караштырып жатмакчы. Эгер айыбын тан алып, калкыбыздан кечирим сураса анда кеп башка.

Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгаылат.

«Азырынча, көрөр чараларыбыз ушулар. Анан да, ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзамдын же токтомдун долбоорун даярдабасак болбойт окшойт. Антпесек, микрофон кармап, ырчы-чоорчу катары таанылгандын ар биринин кеп жебес тентектиги үчүн министрликти айыптоо кадыресе көрүнүш болуп барат. Бирок, эки жигит айыбын танбай, камчысын мойнуна салып, эли-журтубуздан кечирим сурайт деп ишенем. Айкөл элибиз кечирет. Ал тургай, өнөрү өссүн деп ак батасын берет. Эгер ушунча адамдын пикир-оюн капарга илбей, өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, ит үрө берет дегендей текеберденсе калың калктын назарынан калат», — деп, булар минтиптир деп видеонун шилтемесин тарката бербесеңиздер деп суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар