02:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Келечеги кең бизнес. Ишкер айым Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде туризмди өнүктүрүүдө

Светлана Какебаева Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги туристтер арасында анча белгилүү болбогон Тосор айылында жашап, ал жакта меймандарды кабыл алуу маданиятын өнүктүрүүдө. Светлана Нурмухамедовна ишкер айым болууну эч качан пландабаса да, он төрт жылдан бери бул иш менен алектенип келет. Ал өзүнүн айылында бизнестин келечектүү болгондугун байкап, ошол учурдан бери бул ишти жүзөгө ашырып келген жөн гана меймандос кожойке.

Светлана Нурмухамедовна Ысык-Көлгө Бишкектен көчүп келген. Тосорго алгачкы жолу келгенде бул аймактын кооздугуна жана тазалыгына таң бергендигин дайыма эстеп айтып берет. Айылда анын келечектеги жолдошунун көлдүн жээгине жакын жерде кичине жер тилкеси болгон. Бир жагынан көл, экинчи жагынан тоо жана Ысык-Көлдүн таза, салкын, туздуу, тоо чөптөрү жыттанган абасы курчап турган. Бир нече жыл ичинде жубайлар бул тилкеде үй салышкан.

Алгач Светлана Нурмухамедовна үйдү салым катары көргөн эмес, бирок 2006-жылы ага алгачкы жолу туристтер келип, үйүндө түнөп кетүүнү суранышкан. Меймандос кожойке аларды достору катары кабыл алган. Аларга тамак берип, кайсы жакка барып, кайсы жерлерди көрүп келүү керектигин айтып берген. Туристтер ага акча беришкенде Светлана Нурмухамедовна абдан таң калган.

Ошондон тартып меймандар анын үйүнө көп келген жана ар жыл сайын келип турган үй-бүлөлөр да бар. Бир нече жыл бою Светлана Нурмухамедовна туристтерди конок болуп келген туугандары катары кабыл алып турган. Ал эми төрт жыл мурун өз ишин кеңейтүүнү чечкен. Көбүрөөк меймандарды кабыл алуу үчүн өзүнүн жер тилкесинде бир нече үйлөрдү курууну чечти. Ошондой эле, кичинекей дүкөн ачып, сунушталган кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү пландаштырууда. Мисалы: жолдошунун кичи автобусу менен аэропортто убактылуу меймандарды тосуп алууга жана алар үчүн турларды, экскурсияларды уюштурууга болот.

Азыркыга чейин Светлана Нурмухамедовна өзүнүн бизнесин такыр жарнамалаган эмес. Меймандар үйдүн жанынан өтүп баратып кокустан же Тосорго анын үйүнө мурун келген тааныштардын кеңеши боюнча келип турушкан. Эми ишкер айым жарнаманы толугу менен баштоону жана мисалы, чет өлкөлүктөрдү көбүрөөк тартуу үчүн Booking.com сайтына катталууну ойлонууда. Анын үстүнө, үстүбүздөгү жылдын январь айында ал «Тосор Туризм» ЖЧКсы туристтик фирмасын ачкан.

Биз айылыбызда туризмди өнүктүрүүнү, экономикалык ишмердүүлүктү жогорулатууну каалайбыз, анткени эгерде туристтер бизге гана келип, биздин үйдө калса, биз салыктарды төлөйбүз. Бул биз үчүн өтө маанилүү — биз Кыргызстандын экономикасына өз салымыбызды кошкубуз келет.

Светлана Какебаева

Жалпысынан түштүк жээкте туристтер түндүк жээкке салыштырмалуу азыраак, анткени көлдөн түштүккө карай инфраструктура анча өнүккөн эмес. Бул жакка адамдын колу тийбеген жапайы жаратылышты жана жерлерди көрүү үчүн келишет. Жакында эле, Светлана Нурмухамедовна айтып бергендей, туристтер жергиликтүү жашоочулар үчүн такыр башкача көрүнүш болгон — аларды колу менен көрсөтүп, таң калуу менен карашкан. Азыр баардыгы өзгөрдү — Тосордо жана жалпысынан түштүк жээкте башка облустардан жана өлкөлөрдөн келген меймандарды баалай башташты.

Светлана Нурмухамедовна көрсөткөн үлгү түштүк жээкте туризмдин өнүгүүсүндө негизинен айымдар көбүрөөк роль ойнорун далилдейт. Анын кыргыз айымы үчүн өтө аз кездешкен аты бар (Светлана деп чоң атасы телевизор аркылуу кокустан көрүп калган белгисиз бир сулуунун урматына койгон), бирок ал салттуу кыргыз маданиятын тереңден тааныган. Айымдар бул маданиятта бала чагынан тартып ар бир меймандын келишин чыныгы майрам кылууну үйрөнүшөт, ошондуктан заманбап экономика шарттарында алар өзүнүн бул жөндөмдөрү менен кирешелүү жана ийгиликтүү ишти кура алышат. Светлана Нурмухамедовнанын жолдошу кээде керектүү буюмдарды сатып алууда гана жардам берет, ал эми меймандар менен Светлана Нурмухамедовна өзү эле алектенет.

Бул аймакта өзүн жөн гана турист эмес, үй-бүлөнүн эски досу катары сезүүгө болот, турист үчүн Тосор сыяктуу мындай жердин өзгөчөлүгү мына ушунда. Светлана Какебаеванын үйүндө меню сунушталбайт — ал өзүнүн үй-бүлөсүнө жасаган тамакты, меймандарга да даярдап берет. Мисалы: салттуу боорсоктор, лагман жана манты. Ар жыл сайын келген меймандарга атайын алардын сүйүктүү тамактарын жасап берет.

Тосордун башка тургундары да өзүнүн үйүнө туристтерди меймандары катары кабыл алышат, бирок алардын арасында атаандаштык жок. Тескерисинче, Светлана Нурмухамедовна айтып бергендей, айылдаштар Тосорду туристтер үчүн жагымдуу жер кылып өзгөртүү үчүн биргеликте эмгектенишет.

Биз дайыма ынтымактуубуз жана бири-бирибизге дайыма жардам берип турабыз. Мисалы: эгерде кимдир бирөөгө меймандар келсе, бирок уктай турган жер жок болсо, кардарларды биздин айылдагы эле башка мейман үйлөрүнө жиберип турабыз — негизгиси, меймандар көчөдө калбашы керек. Биз бир организм катары жашайбыз жана бири-бирибизге кам көрөбүз.

Светлана Какебаева

Светлана Нурмухамедовна 45 жашта, анын үч уулу бар: улуусу 18де, ортончусу 16да, кичүүсү 12 жашта. Үй-бүлөсү менен да, бизнеси менен да ийгиликтүү алектенип, баардыгына жетишип келет. Жолдошу, балдары жана көп сандаган туугандары дайыма колдоп, анын тырышчаактыгын жана демилгелүү болгондугун мактап келишет. Үйүнө меймандарды кабыл алып, жакшы көргөн жана мыкты жасай алган ишин олуттуу түрдө колго алуу менен Светлана Какебаева Кыргызстан үчүн эң жемиштүү жана келечеги кең тармагы — туризмди өлкөдө өнүктүрүү үчүн чоң салым кошуп келет.

***

Бул материал «Жашыл экономика жана КРда жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» аталышындагы GIZ тарабынан ишке ашырылуучу кыргыз-герман долбоорунун ишмердүүлүгү алкагында даярдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар