20:56
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кочкор-Ата шаары «Мекеним Кыргызстанды» колдойт

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени өлкө боюнча сапарын улантууда. Бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан талапкерлер жума соңунда Жалал-Абад облусунун Ноокен району менен Кочкор-Ата шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту. Талапкерлер чогулган элге партиянын шайлоо алдындагы программасы, аймактагы социалдык маселелерди чечүү жолдору тууралуу айтып берди.

Депутаттыкка талапкер Кыянбек Сатыбалдиев сегиз айыл өкмөттү газдаштырууга жана ички-тышкы миграцияга байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кыларын айтты. Ал элдин ири шаарларга, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн токтотуу үчүн аймакта кичи ишканаларды ачып, токтоп калган ири ишканаларды кайра жандантуу зарылдыгына токтолду. Анын пикиринде, Майлуу-Суу лампа заводун калыбына келтирүү жана модернизациялоо эң натыйжалуу чечим болмок. Талапкер бул үчүн инвесторлорду тартууга аракет кыларын да кошумчалады.

Дагы бир талапкер Бактыбек Сыдыков партиянын программасындагы негизги тезистер менен тааныштырды. Шайлоочулар айрыкча Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын кыскартуу, аткаминерлердин катарын азайтуу, социалдык жактан аялуу катмарга жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу демилге-сунуштарды кубатташты.

Өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүн жана балдарыңызга жаркын келечек кааласаңыз 4-октябрда 4-номердеги «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. «Мекеним Кыргызстан» ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар