15:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Байсалов санкциялар боюнча Европа, АКШ менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда санкция коркунучу бар экенин, бийлик Европанын, АКШнын жетекчилери менен байланышып жатканын «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

«Алар деле түшүнүү менен мамиле кылышууда. Анткени Кыргызстанда экономика эркин. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат», — деди Байсалов.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, «кара тизмеге» илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы «Тро, Я» аттуу компанияга да санкция салган.

Эң көп окулган жаңылыктар