08:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өлкө элине кайрылуусу

Урматтуу элим! Ошентип Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү да аягына чыгууда. Ал биз үчүн оңой болгон жок. Саясий атаандаштарыбыздын көпчүлүгү «Мекеним Кыргызстан» партиясын бутага алып, ар кандай чабуулдарды жасады. Бирок биз андай ыпластыкка аралашпай, өз жолубуз менен багыт алдык. Сөздүн түз жана кыйыр маанисинде да бизге ар тараптан сокку урулду, биз тескерисинче бардык саясий күчтөрдү, атаандаштарыбызды калыстыкка, тынчтыкка чакырып жаттык. Ага карабай каалагандай ботко чалышып, бизге карай чачышты. Ушундай ыплас маалыматтык чабуулга карабастан биз таза күрөштүк. Анткени мындай саясий күрөштө ким күчтүү болсо баары ошого асылары салтка айланган көрүнүш, жагымсыз, жашыруун күрөш үчүн атаандаштарыбызга рахмат айтабыз.

«Мекеним Кыргызстанга» каршы айрым атаандаштардын каралоосу, жалган жалаасы кайра биздин партиянын кадыр-баркын көтөрдү. Анткени биздин улуу, көрөгөч, кеменгер элибиз ак-караны ажыратып, негизсиз караланып жаткан тарапта болуп келгени талашсыз.

Үгүт өнөктүгү маалында биздин партиянын талапкерлери жер-жерлерде жүздөгөн жолугушууларды өткөрдү. Үгүт кербенибиз бүтүндөй өлкөнү кыдырды жана бардык жерде карапайым калктын колдоосун сезип жаттык.

Үгүт учурунда бизди түшүнгөн, колдогон, бизге үмүт арткан, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы үчүн добуш берүүгө камынып жаткан калайык калкка алдын-ала терең ыраазычылык билдиребиз.

Бул тандоо үчүн сиздер эч качан өкүнбөй турганыңыздарды дагы бир жолу бекемдеп кетмекчибиз.

Ошондой эле баарыңыздарды 4-октябрда добуш берүү участкасына келип, жарандык милдетиңиздерди аткарып кетүүгө чакырабыз. Ушундай кризистик учурда келечекке кайдыгер карабай, бул саясий жараянга катышып, добуш берүү абдан маанилүү.

Биз өз элибизди эч качан өз жана өзгө, бөлөк-бөтөн, бизди колдойт, же каршы деп бөлгөн эмеспиз жана бөлбөйбүз. Анткени «Мекеним Кыргызстан» ар бир кыргызстандыктын партиясы. Бул жөн гана ураан эмес, бул биздин философия. Биз конструктивдүү бардык тараптар менен диалогго даярбыз жана ачыкпыз.

Бирге баскан жол үчүн керемет өлкөбүздүн элине, бардык жарандарыбызга дагы бир ирет алкыш айтабыз. Баарыңыздарга сак-саламат, бардар жана бакубат жашоо каалайбыз. Ала-Тообуздун асманы дайыма ачык болсун!

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума