08:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жоомарт Акжол уулу: Жаш ишкерлерге багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам

Жоомарт Акжол уулу 1975-жылы туулган, Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 2005-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Азыр «Оомат» курулуш компаниясынын башкы директору. Учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер.

— Эмне үчүн саясатка барууну чечтиңиз?

— Негизги максатым — эл-журтка кызмат кылуу. Өзүм акыркы жыйырма жылдан бери өндүрүш тармагында ишкерлик кылып келе жатам. Алгач кийим тигүү фабрикаларын ачып, тигилген кийим-кечелерди жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоп келдик. 2009-жылы Кытай менен Түштүк Кореядан атайын токуучу жабдыктарды алып келип, байпак фабрикасын ачтык. Бул ишканалар азыр да ийгиликтүү иштеп, продукция негизинен экспортко чыгууда. 2013-жылы курулуш тармагына да аралашып, «Оомат» компаниясын негиздедик. Ошондон бери Бишкек шаарында бир нече көп кабаттуу үйлөрдү куруп, кардарларга тапшырдык. Курулуш иштери дагы деле уланууда.

— Ишкерлик менен деле элге кызмат кылсаңыз болот го, сөзсүз эле саясатка баруу керекпи?

— Албетте, болот. Бирок чоң саясатка кирип, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн көбүрөөк салым кошсом дейм. Мен өзүмө, бала-чакама керектүү шарттардын баарын түздүм деп эсептейм. Эми саясатка баруу менен ишкерликтеги, өндүрүштөгү тажрыйбамды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жумшасам деген ниеттемин. Азыр мамлекет тараптан ишкерлерди колдоо жетиштүү деңгээлде эмес. Эгер парламентке келсем, ишкерлерге, өзгөчө ишти жаңы баштап жаткан жаш ишкерлерге көбүрөөк көңүл буруп, ушул багыттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам.

Келечекте ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз. Мындан тышкары курулуш компаниялары үчүн курулушка уруксат алуу жол-жобосу азыр аябай татаал. Ушул маселелерди да жеңилдетсек, шаарларыбыздын көркүн ачкан имараттар, үйлөр көбүрөөк курулмак. Бул маселени чечсек өлкөнүн өнүгүшү үчүн да жакшы салым кошулмак. Анткени курулуш компаниялары мамлекеттик казынага курулуп бүткөн ар бир имарат же үй үчүн ири өлчөмдөгү салык төлөйт.

— Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстанды» тандадыңыз?

— Биринчиден, бул партиянын программасы жакты. Программа бардык тармактарды камтып, анда өлкөнү кантип өнүктүрүү боюнча сунуштар көп экен. Экинчиден, жаңы, жаш жүздөргө басым жасалыптыр. Алардын бир тобу ишкер чөйрөдөн экени да мени ушул партияга тартты. Бул партияда келечекти көрө билген чыгаан адистер, такшалган тажрыйбалуу инсандар көп. Кудай буюрса, биз жеңишке жетип, Мекенибиз Кыргызстанды сөзсүз өнүктүрөбүз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар