07:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы тууралуу билгиңиз келеби?

• «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан баардыгы болуп 200 талапкер катталды;

• Орточо жаш курагы 40-45 жаш;

• Алардын ичинен 31и улуттук азчылыктын өкүлү;

• Төртөө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам.

Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын бир нече депутаты болгону менен, бул саясий жүрүштө жаңы жүздөргө басым жасалды. Алсак, ири коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Элнура Алканова, юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз, көрүнүктүү жаш ишкер Кылыч Исамамбетов өңдүү мыктылар катарыбызда.

Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Мирлан Бакиров, Эрлист Акунбеков сыяктуу талапкерлер бар. Мирлан Бакиров дыйкандарды колдоо үчүн бир нече мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү иштеп чыкса, Эрлист Акунбеков айыл чарбага байланыштуу маселелерди айттырбай билет. Ал ийгиликтүү иштеп жаткан фермерлик бизнести көп жылдардан бери жетектеп келет. Сугат жана талааларды кайрадан иштетүү боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Акунбеков жети агро-лабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү.

Экономика жаатын Марлен Маматалиев сыяктуу жаш бизнесмендер, ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Раимкулов, ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарды түзүп, жакынкы аралыкта Нарын дарыясына курууну ниет кылган Абас уулу Кубанычбек өңдүү тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөйт.

Социалдык жактан өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында тажрыйбасы мол Гүлмира Шакирова бара жатат.

Мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча тажрыйбалуу юристтер жана саясатчылар — юрист Татьяна Карыжинская, юридика илиминин доктору Эрлан Базарбаев жана учурдагы парламенттин депутаты Искендер Матраимов иш жүргүзмөкчү.

Мигранттарыбызды колдоо тармагында Орусиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында жакшы таанымал жана кадыр-баркка ээ инсан Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркия менен Өзбекстанда элчи болгон, көп жылдар бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген Ибрагим Жунусов бар.

Партиябызда сергек жашоо образынын концепциясын алга сүрөй турган спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова, кикбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов, ошондой эле кикбокс боюнча Дүйнөнүн чемпиону Шайлообек Атазов бар. Бул спортчулар өз карьерасында көптөгөн ийгиликтерди багынтты, эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү ниет кылышууда.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын жарк эткен мүчөлөрүнүн бири Толкунбек Исаков. Бала чагында оорунун айынан көзү такыр көрбөй калган, буга карабастан өзүн профессионал спортчу катары калыптандырып, азыркы убакта майыптардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы.

Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков да катарыбызда. Ал төрага болуп турганда парламент элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы натыйжалуу мыйзам долбоорлорду кабыл алуу менен өзгөчөлөнгөн.

Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасында жетекчилик кызматта отуруп бюджеттин өсүшүнө жана бюджеттин эсебинен айлык алуучулардын маянасын көтөрүүгө чоң салымын кошкон мыкты башкаруучулар да бар. Муниципалдык кызматта Бакытбек Дюшембиев, Жапар Ормонов жана Мирлан Амантуровдун тажрыйбасы чоң.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Өз партиялаштары менен сыймыктанган: Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаттыгына талапкер.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар