03:57
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мелисбек Жунусов: Партиябыз парламентке келсе, Кыргызстан өнүгөт

Мелисбек Жунусов пандемия учурунда Ат-Башынын Казыбек айылын жетишсиз дары-дармектер менен камсыздаган. Коргонуучу кийимдерди алып берген. Ат-Башы айылынын жеңиш аянтын калыбына келтирген. «Ача-Кайыңды», «Терек-Сай» жана «Бирлик», «Ак-Муз» айылындарындагы каттоочу жолду тегиздетип берген. Бул эми эл билген иштери, билгизбей кайрымдуулук кылып жаткан иштери толтура. Бирок, кылганын милдет кылбайт.

«Мен ар дайым элимдин кызматында болууга аракет кылам. Кандай кырдаал болбосун, элиме жардам бергенге ашыгам», — деген Мелисбек мырза депутат болуп калса кайсыл тармакты өнүктүрүүгө салым кошоорун да айтты.

— Кудай буюруп, депутат болуп калсам айыл чарбасын жана экологиялык туризмди өнүктүрүүнү колго алам. Буюрса, бул тармактар мамлекетти алдыга сүрөгөн логистикалык өнүгүүнүн негизи болот деп ишенем. Ошондой эле партиянын программасындагы ар бир бөлүм ишке ашат. Биз парламентке келсек, Кыргызстан өнүгөт. Элибизге утуш болот. Мамлекетибиз жаркын жашоого багыт алат.

— Жаш партиянын курамы купулуңузга толобу?

— Албетте, толот. Биздин партияда тажрыйбалуу, акылы жетик, иштин көзүн тапкан күчтүү адистер көп. Ооба, сиз айткандай, биздин партия жаш. Жаш болгону менен эл ишенимине ээ болгон. Жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна биринчи жолу катышса да, ийгиликке жеткен жаш — конструктивдүү команданын партиясы. Жигердүү иштеген жаш талапкерлер менен толукталган курамы мени кубандырат. Буюрса, биз элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, бир муштумдай түйүлүп, чоң иштерди жасайбыз. Мамлекетибизди өнүктүрөбүз. Биздин команданын ар бир мүчөсү ийгиликке жетебиз деген ишеним жана күчтүү дем менен иштеп жатат.

— 4 — ийгиликтин башаты десек болобу?

— Албетте. 4 ийгиликтин, жакшылыктын белгиси. Кыргыздар төрт санын жакшы жөрөлгө катары кабыл алган. Мисалы, түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп төрткө бөлүнөт. Кыргызда: «Төрт тарабың кыбыла» деп айтылат. Жыл да 4 мезгилден турат. Бийлик да төрт бутактан турат. Үй-бүлө мүчөлөрү да: ата-эне, уул-кыз болот. Бул жагын эске алганда, 4 санын ийгиликтин башаты, жакшы жөрөлгө катары кабыл алсак болот. Кудайдан болуп, партиябызга ийгилик жылмайсын. Тагдыр чечкен 4-октябрь күнү, 4 номер менен триумфалдуу көрсөткүч менен чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм жана шайлоочулар биздин партияга добуш берет деп тереӊ ишенем.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар