03:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Канатбек Азиз: Укукту жана мыйзамдуулукту урматтайлы

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Канатбек Азиз 1984-жылы Жалал-Абадда туулган. Саясий жана юридикалык илимдердин доктору, профессор, «Юстициянын отличниги» наамы менен сыйланган. КРнын ИИМ Академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Кийинчерээк Дипломатиялык академияда билим алып, «Эл аралык мамилелер магистри» даражасын алган.

Андан соң РФнын ИИМинин Санкт-Петербургдагы университетинин Педагогика жогорку мектебинде адъюнктурада (аспирантура) окуган. Санкт-Петербургда окуп жүргөндө окуудан сырткары Орусия ИИМинин Санкт-Петербург университетинин конституциялык жана эл аралык укук кафедрасында сабак берген.

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБинде оперативдик кызматкер болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде алдыңкы илимий кызматкер болуп эмгектенген, мамлекеттик тарых жана теория, эл аралык укук кафедраларын жетектеген жана эл аралык укук факультетинде декан болгон.

2011-2016-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп, бир нече жолу шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумуштуr топту жетектеген.

2015-2016-жылдары Мамлекеттик миграция кызматында статс-катчынын милдетин аткаруучу жана аталган кызматтын төрагасынын кеңешчиси болгон.

2017-2018-жылдары Жогорку Кеңеште «АтаМекен» фракциясынын катчылыгында сектор жетекчиси, 2019-2020-жылдары КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2018-жылы акыйкатчы кызматына талапкер болуп, коомдук добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биринчиликке татыган.

Азыркы убакта «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасынын орун басары, Илимдер академиясынын Политология жана философия институтунун илимий адиси. Ошондой эле «Заманбап илим» илимий-практикалык журналынын башкы редактору, «Право и политика» илимий-методикалык журналынын жооптуу редактору жана эл аралык илимий-практикалык «Мамлекет жана укук — Государство и право» журналынын негиздөөчүсү. Президенттик жана парламентаризм институтуна арналган көптөгөн монографиялардын, жүздөн ашык илимий макалалардын автору. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун датасын өзгөртүү боюнча негизги элдик демилгечилердин бири. 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын конституциясын даярдоо боюнча конституциялык жыйындын мүчөсү. Бир нече конституциялык мыйзамдардын авторлошу. Кыргыз Республикасынын соттук-укуктук реформа жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы сөз эркиндигин жана жарандык коомдун өнүгүүсүн колдойт. Интернет эрежени улуттук деңгээлде кабыл алыш керек. Парламентке барсак, биринчиден, интернет-конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралат. Мамлекеттик башкаруу органдары менен жарандардын карым-катыш механизмин аныктамайынча реалдуу сөз эркиндиги тууралуу айтууга болбойт. Сөз эркиндигинин чеги болорун түшүнүү керек. Анын чеги башка бир адамдын эркиндиги чектелген учурда бүтөт. Бирөөнү каралоо жана кемсинтүү сөз эркиндиги эмес. Ооба, сен эмнени кааласаң ошону сүйлөй аласың, бирок ал үчүн жоопкерчиликти да ала билүү керек.

Жаркын келечек, мыкты жаштар үчүн № 4 тизмедеги «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/,. 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар