03:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Премьер-министр медиктерге жакшы шарт түзүп берүүнү убадалады

«Эффективдүү дарылануу жана жөн гана көңүл буруу- жарандардын айыгып кетүүсүнө өбөлгө түзөт», — дейт премьер-министр Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациясынын дарыгерлери менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, азыр эл коронавирус илдетине туруштук берүү үчүн тажрыйбалуу дарыгерлерге муктаж.

«Биз сиздерсиз пандемияга туруштук берип, элдин өмүрүн сактай албайбыз. Ар бир бейтапка көңүл бөлүү менен да дарылай аласыздар. Андыктан бейтаптарга жогорку түрдө көңүл бөлүүңүздөрдү суранат элем. Биз өз учурунда сиздерге мыкты шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз», — дейт Кубатбек Боронов.

«Семетей» обсервациясында бүгүнкү 1 мин 310 орундун ичинен 600 оруну бош эмес. Улуттук госпиталдан, Улуттук онкология жана гематология борборунан, Чүй облустук бириккен ооруканасынан жана Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборлорунан жалпы 170ден ашуун медициналык кызматкер дайындалган.

Өкмөт башчы жакында ачылган ооруканалар иштин олуттуу бөлүгүн өз мойнуна алгандыгын баса белгиледи. Бишкектин тургундары зарыл болгон алгачкы медициналык жардамды ала алышат.

«Ошол эле учурда күн сайын каза болгон адамдардын санынын өсүүсү тынчсыздандырууда. Мүмкүн болушунча жарандарды сактап калуу үчүн колубуздан келген бардык күч-аракеттерди жумшообуз керек. Азыр дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда. Бул маселени чечүү боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Эс алуудагы бардык дарыгерлерди жана чет мамлекеттерден адистерди тартууга чакырабыз. Дарыгерлер жана медайымдар ар бир оорулуу жарандын өмүрүн сактап калууга болгон күчүн жумшайт деп ишенем», — деди Кубатбек Боронов.

Бир сутка ичинде 15 адам коронавирустан, 29 адам пневмониядан көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар