«Кыргыз-кытай» чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарынын иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чектөөлөр Кытайдагы Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу болууда.
30-апрелден тарта:
- «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту саат 22:00дөн баштап адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот;
- «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту саат 20:00дөн баштап (Бишкек убактысы боюнча) жабылат.
Бул пункттардын иши 2-майда саат 08:00дө кайра жанданат.
Белгиленгендей, «Бедел-автожол» өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болуп, 6-майда саат 08:00дө ачылат.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аралыгында чек арачылар аталган чек ара тилкелери аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү болбойт.

