16:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Күбө: дарыгерлер карапайым элди эмес, джип менен келгендерди кабыл алып жатышат

Улуттук госпиталда пневмония менен ооруган адамдар тааныштар тарабынан гана кабыл алынат. Бул тууралуу ыктыярчы Талант Сагынбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, пневмония илдети менен ооруп жаткан тууганын тааныш аркылуу ооруканага жаткырууга туура келген.

«Ооруканага жайгаштырылгандан кийин бир дагы дарыгер келип койгон жок. Бейтапка биз өзүбүз кычкылтек концентраторун алып келип бердик. Дарыгерлер жубайынын бир нече жалынып-жалбаруусунан кийин карашты. Бейтаптын абалы аябай начар болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырыш керек эле. Көрсө бул дагы оңойго турбайт экен. Аны жандандыруу бөлүмүнө кабыл алышкан жок. Ал жака которуу дагы тааныштар аркылуу болду. Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам тууганыбыз комага түшүп калды», — дейт Талант Сагынбаев.

Ыктыярчынын айтымында, Улуттук госпиталдын дарыгерлери бейтаптарга өтө орой мамиле жасашат.

«Мен госпиталдын алдында туруп бейтаптар дарыгерлерге канай үмүт артып келип жатышкандыктарын көрдүм, ал эми дарыгерлер оройлугу менен аларды алыстатып жатышат. Жок дегенде аларга кайда баруу керектигин түшүндүрүп койгулачы. «Орун жок» деп айтпагыла. Джип келери менен бейтапты көрүү үчүн дароо төрт дарыгер чыкты. Мындай кылган болбойт. Дарыгерлер баарына бирдей мамиле кылышы керек», — деп баса белгиледи.

Талант Сагынбаев эс алуу күндөрү шоу-бизнес өкүлдөрү менен биргеликте медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап гүл жана ар кандай белектерди беришкен. Учурда ал тамак-аш таратып, кычкылтек концентратор сатып алууга акча чогултуп жатат.

Талант Сагынбаев көп өтпөй комага түшүп калган тууганы каза болуп калгандыгын билдири. Талант Сагынбаевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар